Жалал-Абадда жол эрежесин бузган 511 айдоочуга айып салынды

Жалал-Абадда жол эрежесин бузган 511 айдоочуга айып салынды. Бул тууралуу облустагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак, Базар-Коргон райондорунун аймагында бир нече түзүмдүн өкүлдөрүнөн куралган мобилдик экипаждардар менен "Тартип" аттуу рейд өткөн. 12-июндан 27-июнга чейин созулган иш-чарада жол кыймылынын эрежелерин одоно түрдө бузган 511 унаанын айдоочусуна айып салынган.

Анын ичинде 79 унаа айып короого коюлган. Мындан сырткары мас абалында унаа башкарган 24 адам, алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандыгы үчүн-13 киши, мамлекеттик белгиси жок-2 айдоочу, тийиштүү документтери жок унаа башкарган- 45 жана башка жол эрежелери боюнча - 427 айдоочуларга тиешелүү чаралар көрүлүп, протоколдор түзүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД