
Электрондук сертификатта COVID-19га каршы вакцина алгандыгы тастыкталып, документтин ээси тууралуу толук маалымат алуу үчүн QR-код камтылган.
Мындан ары кыргызстандыктар коронавируска каршы эмделгендиги тууралуу сертификатты үйдөн чыкпай туруп алса болот. Бул боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Вакцина алгандан кийин кимдер COVID менен ооруп калат. Адистердин түшүндүрмөсү
Документ Санариптик өнүктүрүү министрлигинин "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара иштешүү сервиси менен биргеликте иштелип чыкты.
Электрондук сертификатта жарандын COVID-19га каршы вакцина алгандыгы тастыкталып, ээси тууралуу толук маалымат алуу үчүн QR-код камтылган.
portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик порталды пайдалануу үчүн каттоодон өтүү керек. Ага Калкты тейлөө кызматынан акысыз берилчү электрондук кол тамга же 2017-жылкы үлгүдөгү ID-картадагы маалыматтар талап кылынат.
Сертификатты кантип алса болот:
порталдан "саламаттык сактоо" деген бөлүгүнө кирип " COVID-19га каршы эмделгендиги тууралуу сертификат берүүнү" тандоо зарыл;
"өтүнүч жиберүү" баскычын басасыз.
Документ автоматтык түрдө экранда пайда болот дагы, колдонуучу аны pdf форматтагы документ катары басып чыгарып алса болот.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жубайы менен келип Бишкектеги эмдөө жайларынын биринен вакцина сайдырып кетти.
Ошондой эле "эмделгендердин тизмеси" боюнча маалыматтык системага жаңы модуль киргизилгени жатат. Ал алыста туруп документти ала албагандар үчүн пайдалуу. Тагыраагы, жаран өзүнө жакын жердеги саламаттык сактоо уюмуна басып барып, сертификат алып алса болот.