Башкы прокурор интернатта каза болгон өспүрүмдүн өлүмүн көзөмөлгө алды

Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмүн териштирүүнү башкы прокурор Курманкул Зулушевдин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу ал 28-июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында маалымдады.

"Башкы прокуратурада жашы жете электер үчүн атайын бөлүм бар. Кызматкерлер барып, текшерип кайтты. Окуяны тактап келишти. Биздин күчөтүлгөн көзөмөлүбүздө болот", - деди Зулушев.

Ал эми Ички иштер министрлигинин өкүлү учурда соттук медициналык экспертизанынын жыйынтыгы чыга электигин билдирди.

Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүнүн директору Аскар Масылов өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу убактылуу иштен четтетилгени белгилүү болгон. Балдар үйүнүн 6-классынын тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгону Сокулук райондук ички иштер башкармалыгында быйыл 1-июнда катталган. Баланы Кошмо Штаттардагы үй-бүлө асырап алган. Алар жалдаган адвокат өлүмдү иликтөөдөгү мүчүлүштүктөр тууралуу райондук прокуратурага арызданды. Үй-бүлөнүн айтымында, баланын саламаттыгында маселе болгон эмес.

Акыйкатчы тергөөнү Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүү керектигин айтууда. Маркумдун интернатты бүтүргөн бир тууган агасы президентке кайрылып, иниси зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүндүгүн айткан.

Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндө жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД