"Биздин Кыргызстан" партиясы автобустарды газга өткөрүүнү сунуштайт

"Биздин Кыргызстан" партиясынын программасында шаардагы коомдук транспортко өзгөчө көңүл бурулган. Партия дизелдик күйүүчү майлардан газга өтүүнү сунуш кылат. Газды колдонуу экологиялык жактан таза жана үнөмдүү. Бул биринчиден – экология көйгөйүн чечет, экинчиден - Бишкек шаарынын бюджетин үнөмдөйт.

"Биздин Кыргызстан" Орусия, Өзбекстан жана Белоруссиянын тажрыйбаларын иликтеп чыкты. Бишкек шаарындагы абанын булганышынын 90 пайызы транспорттук каражаттарга тиешелүү. Газга өтүү автоунаалардан чыккан түтүн, уулуу газдарды сезилерлик азайтат, бул борбор шаарыбыздагы абанын тазарышын шарттайт. Метан газын колдонуу 50 пайыздан ашык үнөмдөөнү берет.

Социалдык чыңалуу да азаят, анткени жол кире 10 сом боюнча эле калат. Солярка жана газдын ортосундагы айырманын эсебинен эмгек акыларды көтөрүүгө болот: автобус жана троллейбустардын айдоочуларынын айлыктарына бир нече миң сом кошулат. Партиянын программасында троллейбус, автобустарды көбөйтүү боюнча жазылган. Ал үчүн Япония, Түштүк Корея, Кытай Эл Республикасынан инвесторлорду тартса болот.

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 28.06.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД