Саида Турдубекова: "Ишеним" – сиздин жаркын жашооңуздун кепилдиги!"

Саида Турдубекова, "Ишеним" саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер;

"Ишеним" – сиздин жаркын жашооңуздун, коопсуздугуңуздун кепилдиги!

Урматтуу Бишкектиктер!

Бишкек шаары - миңдеген жарандарды туруктуу жумуш, турак-жай менен камсыздап, ага улай эле дүйнөнүн булуң-бурчунан иш сапар, же эс алуу үчүн келген өз конокторуна да коюнун кенен ачып, тосуп алган борбор шаарыбыз. Демек, тынымсыз кыймылдын ордосуна айланган Бишкетиктер үчүн жергиликтүү тургундардын жана коноктордун коопсуздугу баарынан баалуу. Андыктан, бул маселени күн тартибине көтөрүү жана кам көрүү абдан маанилүү.

Эмне үчүн?

Ооба. Учурда Кыргыз Өкмөтү демилгелеген "Коопсуз шаар" долбоору иштеп жатат. Бирок, бул долбоордун аткарган иш-аракети шаардыктардын жана алардын коноктордун купулуна толук толбой келет. Коомчулукта, аталган долбоор акча табуунун амалында гана иш жүргүзүп, айдоочулардын капчыгын тоноого гана багытталган деген сын-пикирлер басымдуу. Акыркы учурдагы элдин үрөйүн учурган кылмыш-кырсык окуяларынын алдын алууда жана алардын бетин ачууда аталган долбоордун өз жемишин бербегени себеп болду. Айрыкча, кыз ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын жана Айзада Канатбекованын окуясы буга далил.

Демек!

Мен, ушундан улам, кыргыз өлкөсүнүн жараны жана жаш муундун өкүлү катары шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлигине коюп, элиме, шаардыктарга кызмат кылуу чечимин кабыл алдым. Шаардык кеңештин депутаттыгына аттануума себепкер болгон "Ишеним" саясий партиясынын программасынын өзөгү шаардыктардын жана анын конокторунун коопсуздугуна кам көрүүдөн башталат. Саат санап өнүккөн заман агымынын талабына шайкеш келген билимим жана мамлекеттик кызматта топтогон тажырыйбам бул мүчүлүштүктөрдү жоюууга өбөлгө түзөт.

Урматтуу шайлоочулар!

Биз, узак убакыттар бою бакубат турмуш, байгерчиликке багыттаган куру үмүт менен жашап келдик. Тилекке каршы, биздин бул үмүттөрүбүздү айрым адамдар уурдап, аны менен эле тим болбой өз кызыкчылыктарына пайдаланып, элдин эсебинен байлык топтоого өтүп алды. Бул өтө өкүнүчтүү жана биз мындай терс көрүнүштөргө чекит коюууга мезгил келди. Ал үчүн сизде эң башкысы ишеним болушу керек. "Ишеним" менен гана алдыга кадам таштаңыз. "Ишеним" – сиздин жаркын жашооңуздун, коопсуздугуңуздун өбөлгөсү! Мен буга кепилдик берем.

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 28.06.2021


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД