Полигондогу партиялардын дебаты тууралуу "Ишеним" партиясынын билдирүүсү

11-июлга мерчемделген Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна катышып жаткан "Келечек" партиясы өзүнүн атаандаштарына дебатка катышууга чакырык таштаган.

Алар бул дебатты таштанды полигонунда уюштурушкан. "Ишеним" партиясы учурдагы эпидемиологиялык кырдаал күчөп, илдет жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын эске алуу менен, "Келечек" партиясына аталган дебатты инновациялык техникаларды (Zoom, Skype) колдонуу менен аралыктан өткөрүүнү сунуштайт. Ага улай эле, мындай шартта өткөрүлгөн дебатта талапкерлердин дарегине карата ар кандай сөздөр айтылып, провокациялык көрүнүштөр да орун алышы мүмкүн. Бул нерселер өз кезегинде шайлоо мыйзамдарына карама-каршы келет. "Келечек" партиясы жогорудагы жагдайларды карап көрүп, "Ишеним" партиясынын сунушун колдоого алат деген терең ишеничтебиз.

Биз үчүн коомдогу коопсуздук, адамдардын ден соолугу жана өмүрү баарынан маанилүү!

"Ишеним" саясий партиясы дебаттардан качпайт жана ар дайым даяр!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 28.06.2021


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД