Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолукту

Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Бул тууралуу Тажикстан президентинин аппаратына таянуу менен тажик басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, жолугушуу Варзоб аймагындагы "Бахор" резиденциясында болгон.

Ал жерде эмне тууралуу сүйлөшүүлөр болгону тууралуу азырынча ачык маалыматтар жок.

Белгилей кетсек, кечээ, 28-июнда Садыр Жапаров расмий иш-сапары менен Тажикстанга барган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД