Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустан сакайып жумушка чыкты

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы бүгүнкү күнгө карата канааттандырарлык, ПЧР анализинин жыйынтыгы терс болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев ишке чыгып, жаңы ковиддик стационарларды ачуу иштери менен алектенүүдө. Эртең менен Суворов атындагы окуу жайдын жетекчилиги менен коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн орун даярдоо боюнча жолугушуу өткөргөн.

Улуттук госпиталга кошумча 120 орун, Суворов атындагы окуу жайга 200 орун, андан тышкары Курортология институтуна 200 орун жайгаштыруу пландалууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД