Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тет-а-тет форматында жолугушууда

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Тажикстандын президентти Эмомали Рахмон менен Душанбе шаарында тет-а-тет форматында жолугушууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өз сөзүндө Эмомали Рахмон Тажикстан Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин белгиледи.

"Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, Сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз", - деди Рахмон.

Ал эми Садыр Жапаров болсо Эмомали Рахмонго Тажикстанга расмий сапар менен чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров ушул жылдын 28-30-апрель күндөрүндө болгон трагедиялуу окуялар эки өлкөнүн элдери үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.

"Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертеден бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен", - деди Жапаров.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров биргелешкен аракеттердин натыйжасында тараптар чек ара маселелерин чечүү жолдорун табаарына ишенимин билдирди.

Тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД