
Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны 109 миң 703 адам алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 77 миң 390 адам вакцинанын экинчи дозасын сайдырды.
Ал эми акыркы бир суткада 4 миң 64 киши эмделсе, 860ы экинчи ирет эмдөөдөн өттү.
Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген "SinoPfarm" вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Кытай вакцинасын эки этап менен алуу каралган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.
Андан соң 22-апрелде Кыргызстанга Орусияда өндүрүлгөн "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозасы келген. Аны алгачкылардан болуп Кыргыз Республикасынын Баатыры, эмгек сиңирген дарыгери, хирург Мамбет Мамакеев алган.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасынын июль айынын ортолорунда келиши күтүлүүдө.