Чүйдө абактан качкан аял кармалды

Чүйдө абактан качып, издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган Д.Н. аттуу аял Чүйдүн Молдовановка айылындагы №26 абакта жазасын өтөп жатып качып кеткен. Ага февраль айынын аягында издөө жарыяланган. Кечээ, 28-июнь күнү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Жазаларды аткаруу кызматына өткөрүп берилген.

Ошондой эле маалыматта аталган аял уурулукка шектелүүдө. Ал адамдардын ишенимине кирип, ар кандай үй буюмдарын уурдап жүргөн деп айыпталып жатат.

Буга байланыштуу сүрөттөгү аялдан жабыркагандар болсо аларга кайрылууну Чүй облустук милициясы өтүнөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД