Ошто курал жана ок-дары сакталган жашыруун жай табылды

Ошто курал жана ок-дары сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ок атуучу куралдар менен ок-даарылар Ош шаарындагы кароосуз калган үйлөрдүн биринен табылган. Курал жарак сакталган жайдын үстүн таштандылар менен жаап коюшкан. Тинтүү жүргүзүү учурунда капка оролгон "Калашников" үлгүсүндөгү автомат 5,45 калибрдүү октору менен кошо жана чачылган абалдагы 16-калибрдүү сайсыз ок атуучу курал табылган. Алардын номурлары өчүрүлгөн, автоматка башка өзгөртүүлөр киргизилген.

Учурда табылган куралдар кылмыштуу топтордун бирине таандык деп болжолдонууда.

Бул факт КР Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү ("Куралдарды, ок-даарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Иликтөө ишин ИИМдин Ош шаары боюнча Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД