Эрлан Эсенбек уулу: Элимдин ишеними мен үчүн баарынан бийик жана сыймыктуу

Эрлан Эсенбек уулу, "Ишеним" саясий партиясынан [b]Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер: [/b]

"Элимдин ишеними мен үчүн баарынан бийик жана сыймыктуу"

Урматтуу Бишкектиктер!

Адам баласы бийик кыялдардын курчоосунда өмүр сүрөт. Менимче, ошол нерсенин ишке ашуусу, же кыял бойдон калуусу ар бирибиздин таштаган кадам, жасаган ишибизден көз каранды экени талашсыз чындык. Менин да жүрөгүмдө элим үчүн эмгек кылып, кандайдыр бир жакшы иштердин жаралышына себепкер болсом деген ой-максат уялап келген. Мен ошол кыялдарымды ишке ашыруу үчүн көпкө издендим, билим алдым, такшалдым. Бүгүн, ошол ойду орундатууга мезгил жетип, эл сынына түшүп турам.

Борбор шаарыбыз Бишкек менен мени көп нерсе байланыштырат. Базар экономикасынын барасында айланып, бакыт издеп борборго келген миңдеген Кыргызстандыктардын катарында биздин үй-бүлө да бир топ жыл мурун Бишкектен орун-очок алган. Менин балалык курагым Бишкектин четиндеги Ак-Босого конушунда өттү. Андыктан аталган конуштун түптөлүшү жана көйгөйлөрү али күнчө көз алдымда.

Мугалимдин үй-бүлөсүндө тарбияланып, төрт бир туугандын улуусу болгонум мени жоопкерчиликтүү жана камкор болууга үйрөттү. Жасаган ар бир ишимди жүрөгүмдөн өткөрүп, жалпыга тийгизген жакшы-жаман тарабын терең анализдеп, андан соң аткарууга кам көрөм. Анткени, менин жасаган ишимден кимдир бирөөнүң жабыр тартышы менин тарбияма жат келет.

Урматтуу шайлоочу!

Республикалык бюджетке ири салым кошуп, стратегиялык, экономикалык, социалдык тармактардын башында турган шаар бийлигин шаар четиндеги жаңы конуштарга болгон кайдыгер мамилеси мени өкүнтөт. Жалпылап алганда жаңы конуштардын көпчүлүгүнүн көйгөйлөрү дээрлик окшош. Мектеп, бала бакча, бейтапкана, канализация, жол маселесине кошул-ташыл, турак-үйлөрдүн толук мыйзамдашпоосу да көпчүлүктүн көңүлүн өйүгөн талылуу маселесине айланган.

Мына ушул көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, алардын чечилишине салым кошуу максатында шаардык кеңештин депутаттыгына "Ишеним" саясий партиясынан аттандым. Менимче, көйгөйдү көрө билүү эмес, аны чече билүү баарынан маанилүү. Мен бул жооперчиликти билимим жана ар түрдүү тармактарда топтогон тажырыйбама таянып өз мойнума алып жатам. Ошондой эле, менин артымда эл жүгүн татыктуу көтөрүп, көйгөйдү чечип кете алаарыма ишеним арткан элим турат. Элимдин ишеними мен үчүн баарынан бийик жана сыймыктуу.

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 29.06.2021


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД