
Милицияга Саякбай Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн баланын кулап кеткени туурасында кабар түшкөн.
Борбор калаада беш жаштагы бала көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөндүгү боюнча маалыматты Октябрь райондук милициясынан тастыкташты.
Окуя кечээ, 28-июнда, Бишкек шаарында болгон. Милицияга Саякбай Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн баланын кулап кеткени туурасында кабар түшкөн.
"Кырсык болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, 2016-жылы туулган бала 11-кабаттын терезесинен учуп түшкөндүгүн аныкташкан. Тез жардам келип, наристе жандандыруу бөлүмүнөн бүгүн каза болуп калган", - деп билдиришти милициядан.
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар башталган.