"Биздин Кыргызстан" Бишкекти өнүктүрүүдө "жашыл багытты" көздөйт

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясы Бишкек шаарынын экономикалык өнүгүүсү үчүн "жашыл курсту" сунуш кылууда. Бул маселе учурда абдан актуалдуу. Бул деген айлана-чөйрөнүн булганышынын масштабын кыскартуу, "таза" транспорттун жана "таза" энергетиканын өнүгүшү, таштандыларды башкаруунун сапатын жакшыртуу.

Мисалы, үйлөрдү жылытууну жана коомдук транспортту газга өткөрүү, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу экологиялык көйгөйдү чечет - кыш мезгилинде түтүн болбойт, аба тазаланат, шаарды көрктөндүрүү пландуу түрдө жасалса, Бишкекке "жашыл шаар" деген мурдагы даңкы кайтып келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мунун бардыгы "Биздин Кыргызстан" партиясынын "Жаратмандар жолу" программасында жазылган.

Алып карасак, таштандыларды чогултуучу жана иштетүүчү ишканаларды куруу, миңдеген жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул таштанды полигондун аянтын кыскартууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана айлана-чөйрөгө техногендик таасирин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

"Биздин Кыргызстан" партиясы экологиялык таза электромобилдерге өтүүнү да жактайт. Биздин өлкөдө электр унаалар рыногун өнүктүрүүнүн жана автоунаанын ушул түрүн чыгарууга өбөлгө түзүлгөн. Бишкектеги экологиялык көйгөйдү эске алганда, мындай демилге болуп көрбөгөндөй пайдалуу. Буга эч кандай олуттуу тоскоолдуктар жок. Электр батарейкаларын кубаттоочу жайларды кадимки май куюучу жайлардын базасында түзсө болот.

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 28.06.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД