Бишкекте Түрк ден соолук клиникасы ачылды

Бишкекте "Turkish Health Clinic" Кыргыз республикасында биринчи болуп саналган ПЭТ (позитрон-эмиссиялык томография) жана КТ (компьютердик томография) клиникасынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Кыргыз республикасында биринчи болуп саналган Түрк ден соолук ПЭТ (позитрон-эмиссиялык томография) жана КТ (компьютердик томография) клиникасынын Бишкек шаарында ачылышында саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүүдөгү бизнестин жана инвесторлордун ролу чоң экендигин баса белгиледи.

Ализа Солтонбекова белгилегендей, Түрк ден соолук клиникасынын ачылышы менен, буга чейин бир гана Түркияда позитрон-эмиссиялык томографтын жардамы менен жасалган заманбап диагностика эми Кыргыз республикасында жеткиликтүү болот. Диагноздун бул түрү рак жана башка ооруларды эрте диагностикалоо көйгөйүндө сапаттуу ачылыш жасоого мүмкүндүк берет", - деп жазылат билдирүүдө.

Жаңы борбор жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган жана Түркиядан жана Кыргыз республикасынын өз тармагындагы адистерден түзүлгөн адистер тобунун жардамы менен эл аралык стандарттарга ылайык медициналык кызмат көрсөтүшөт.

Борбордун ачылышынын алкагындагы конференциянын жүрүшүндө Кыргыз республикасынын дарыгерлери Түркиядагы илимий конференцияга катышуусу үчүн чүчүкулак ойнотулду. Ализа Солтонбекова үч жеңүүчүнү аныктады. Жеңүүчү - дарыгерлер Элмира Абдышева, Сүйүтбек Дөөлөтбеков жана Гүлзада Аденова - 2021-жылдын 3-ноябрынан 8-ноябрына чейин Түркияда өтүүчү бул конференцияга катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД