Бишкектен Түркияга авиакаттамдар көбөйтүлдү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Пегасус" авиакомпаниясы 2-июлдан тарта Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошуп, эми бул багытта жумасына 10 каттам аткарыла турган болду.
Ошондой эле "Пегасус" авиакомпаниясы 6-июлдан тарта Анталия-Бишкек-Анталия багыты боюнча дагы 1 каттам кошуп, эми бул багытта жумасына 5 каттам аткарылмакчы.
Мындан сырткары, "Түрк аба жолдору" авиакомпаниясы 1-июлдан тарта Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча дагы 3 каттам кошуп, эми бул багытта жумасына 17 каттам аткарылып турат.