Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин Атабаев дайындалды

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин Атабаев дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Замир Ракиев кол койгон.

Муфтий Бишкек шаардык казыятынын эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалаган.

Самидин Атабаев буга чейин Ош облусунун мусулмандар казысы болуп эмгектенип келген.

Ал 1973-жылдын 27-декабрында Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн.

Диний жогорку билимге ээ.

1991-1995-жылдарда Бишкектеги Азрети Умар атындагы Кыргызстан

Ислам институтун бүтүргөн.

2002-2006-жылдары Россия Ислам университетин ийгилүктүү

аяктаган.

Светтик жогорку билимге ээ.

2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун бүтүрүп, "Юриспруденция" адистигине ээ болгон. 1995-1996-жылдары аскердик кызматын өтөгөн.

Эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы "Абдираим кары"

медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалоодон баштаган.

2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы "Имам Аль-Бухарий"

Ислам институтунун окуу иштери боюнча проректор.

2010 -2015-жылдары Өзгөн районунун баш имам хатиби.

2015-жылдын 28-августунда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин

Башкармасынын түзүмүндөгү бош ваканттык орундарга конкурс өткөрүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин №265 буйругу менен Ош облусунун казысы болуп дайындалган.

Орус, түрк, өзбек, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД