Депутаттар ипотеканын мөөнөтүн 15 жылдан кем кылбоону сунушташты

Депутаттар тобу ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн 5 жылдын ордуна 15 жыл кылууну сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аалы Карашев менен Айнура Осмонова.

Демилгечилер мыйзам долбоору ипотекалык насыя алууда жана аны төлөөдө карапайым калкка жеңилдик берүү максатында иштелип чыкканын айтышкан. Мындан улам, "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" мыйзамдан "баштапкы төлөм – 10 пайыз" деген сөздү алып салуу жана ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтү "5 жылдан кем эмес" деген сөз "15 жылдан кем эмес" деген сөзгө алмыштыруу сунушталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД