Ден соолугу начарлаган Талант Мамытов ооруканага жаткырылды

Ден соолугу начарлаган Талант Мамытов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов ден-соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияда болуп, 2021-жылдын 28-июнунан тартып Иш башкармалыктын клиникалык ооруканасында стационардык дарылоодон өтүүдө. Учурда Төраганын ден-соолугу туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Жогорку Кеңештин Аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде анын ичинде Төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында Covid-19 илдети аныкталган. Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын-алуу жана жайылтбоо максатында обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД