Балыкчыда автоунаадан өрт чыгып, толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт бүгүн, 30-июнда саат 02:20лар чамасында Балыкчы шаарынын Токтосунов көчөсүндө болгон. Анда турак үйдүн коросунда турган "TOYOTA ESTIMA" үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен.
Өрт болгон жерге Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылып саат 02:40 чектөөгө алып, 02:59 толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.