Ош облусунун Кара-Суу районунда эки өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында Ак-Буура-Араван каналына 2003-жылы туулган А.М., 2008- жылы туулган М.И. аттуу балдар чөгүп кеткен. Аларды издөөгө ӨКМнын Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.