Бишкекке Түркмөнстандан жүк келди

Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарында эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда 21 миллион доллардан ашык каражатка жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүк жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

Кыргызстанга Түркмөнстандан Садыр Жапаровдун расмий иш сапарында сүйлөшүлгөн келишимдин алкагында жүктүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 27-июнда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда эки тараптын өнөр жай кызматкерлери менен ишкерлеринин ортосунда келишимдерге кол коюлган. Тагыраагы, 21 миллион доллардан ашык каражатка жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

"Мындан сырткары. кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү, эки өлкө ишкерлери ортосунда инвестициялык ишмердүүлүктү жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык тууралуу чечим кабыл алынган. Бул макулдашуулардын алкагында 29-июнда Бишкек шаарына Түркмөнабад шаарынан жүк жүктөлгөн учак келип конду", - деп айтылат маалыматта.

Жүктү Бишкектен президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алганы айтылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД