Бишкек шаарында бүгүн, 30- июнда "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы болгон адамдар Ак үйдүн астына митингге чыгышты.
Алар аталган мыйзам сөз эркиндигин чектей турганын, айтып аны кабыл албоону талап кылышууда.
Белгилей кетсек, 2-июнда Жогорку Кеңеште аталган мыйзам долбоорунун жаңы вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү маселеси каралган эле.