Парламент кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүүнү экинчи окууда колдоду

Парламент кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүүнү экинчи окууда колдоду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү, 30-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун экинчи окууда жактырды.

Макулдашууга ылайык, эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлөт. Фонд Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана ишин жүзөгө ашырган чарбакер субъекттерге карыздарды берүү, капиталына катышуу жана башка каржылык инструменттерди пайдалануу аркылуу өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда өзүн-өзү актоочу долбоорлорду ишке ашырат.

Белгилүү болгондой, фонддун уставдык капиталы алгач 50 млн АКШ долларын түзөт. Кийин уставдык капиталды 200 млн АКШ долларына жеткирүү менен, бардык уставдык капиталга төлөөлөр Өзбекстан тарабынан камсыз кылынат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД