Баткенде ири өлчөмдөгү күкүрт кислотасы менен аткезчи кармалды

Баткенде күкүрт кислотасынын ири өлчөмдө сатуу менен алектенүүчү кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматы тарабынан атайын жүргүзүлгөн операциянын алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунда 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаранды кармалды.

Анда кармалган жарандын мыйзамсыз жүгүртүүсүнөн 1 тонна 833 килограммды түзгөн күкүрт кислотасы алынган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД