ПЦР-тест бир гана лабораторияда арзандады.

Кыргызстандагы коронавируска анализ алган жеке лабораториялар мурдагыдай эле өздөрү аныктаган баа менен иштеп жатышат.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кеп Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториясы тууралуу болуп жатат. Тариф 1 574 сомдон 786 сомго түштү.

Бул лаборатория Бишкек шаарында Фрунзе көчөсү, 35 (Исанов көчөсү менен кесилишет) дарегинде жайгашкан.

Ал эми жеке лабораториялар мурдагыдай эле өздөрү аныктаган баа менен иштеп жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД