"Ишеним" партиясынын талапкерлери шайлоочулар менен жолугушууну улантууда

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо үчүн үгүт иштери кызуу уланууда. "Ишеним" партиясынын талапкерлери өз шайлоочулары менен жолугушууларды байма-бай өткөрүп жатат. 29-июнда "Ишеним" партиясынын талапкери Адиса Имангазиева "Юг-2" кичирайонунун тургундары менен жолугушуу уюштурду. Ушул эле күнү талапкерлер Алишер Тентимишев Бакай-Ата жаңы конушунун, Асылбек Акылбеков Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун жашоочуларына жолугушту. Жолугушуу учурунда талапкерлер "Ишеним" партиясынын программасын жана шайлоодон жеңип чыгышса кайсы иштерди жасаары тууралуу айтышты. Ал эми тургундар өздөрү жашаган аймактын көйгөйлөрүнө токтолуп, бул көйгөйлөрдү чечүү тууралуу кеп козгошту. Жергиликтүү тургундар талапкерлерге шаардагы шарттар, ирригация, жарыктандыруу тууралуу суроо узатышып, алардан кантип чечүү тууралуу жоопторду угушту.

Жыйынтыгында шайлоочулар "Ишеним" партиясынын талапкерлеринин жоопторуна жана программаларына канааттангандарын айтышып, аларга ак жол каалап ак баталарын беришти.

"Ишеним" партиясы №8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 30.06.2021


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД