"Аллахтын амири менен Сайкал экөөбүздүн өмүр кербенибиз уланууда"

КРнын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова уулу Эркинге эстелик койдурду. Бул тууралуу facebook баракчасына билдирди.

"Эркинтайым, Экошум! Билинбей, зуулдап өткөн күндөр айларга, айлар жылга алмашып, сенин жылдыгың да жакындап калды. Мрамордон жасалган чоң эстелик койсомбу десем, "Жаш балага болбойт"- деп молдолор токтотуп койушту. Дегеле эстелик, темир же жыгач коргончо коюу мусулманчылыкта жок экен. Тыюуга карабай кичинекей болгон мүрзөңдүн үстүнө өзүмө жаккан коргончо жасатып, ага аты-жөнүң жазылган кара гранит ташты кошо отургузуп койдум! Аркы дүйнөдө жүргөнүңө, боз топурак астына берилгениңе 1 жыл чамалап калды. Сагынычка, кусалыкка, арманга толгон жашообуз, көкүрөктөгү дарт, көздөгү жаш менен коштолуп, бирде ыйлап, бирде сооронуп Аллахтын амири менен Сайкал экөөбүздүн өмүр кербенибиз уланууда", - деп эскерди Гүлшайыр Садыбакасова.

Эскерте кетсек, Ош областтык Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын директору, "Кыз-Бурак" продюсердик борборунун жетекчиси, композитор Гүлшайыр Садыбакасованын 18 жаштагы уулу Эркин Садыбакасов 2020-жылы 26-августта каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД