"Биздин Кыргызстан" партиясы Бишкек жаштарынын стартап-долбоорлорун колдойт

Жаштар - бул өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, интеллектуалдык жана кесиптик деңгээлин өнүктүрүүгө жана дүйнөдө татыктуу ордун камсыз кылууга көмөктөш болгон өлкөнүн авангарды.

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясы жаңы партия, анын катарында жаш, жигердүү жана таланттуу жигиттер бар.

Жаштар - кыймылдаткыч күч жана прогресстин башаты, ошондуктан "Биздин Кыргызстан" партиянын жаштар канатын түзүп, аны күчтөнтүп жатат.

Бүгүнкү социалдык-экономикалык кырдаалда жаштар коомдун аялуу катмарынын бири болуп саналат, алардын турмуштук кызыкчылыктары, өнүгүүсү жана социалдык жана эмгек укуктары корголууга муктаж.

Бишкек шаардык кеңешине "Биздин Кыргызстан" партиясы ат салышууда. Ал Бишкек шаарынын мэриясынын алдында жаштар комитетин түзүүнү, жаштар саясаты жаатында ишти күчөтүүнү сунуштайт.

Жаштарды өнүктүрүү жана окутуу, жаш лидерлердин карьералык өсүшүнө көмөктөшүү, жаштардын сергек жашоосуна жана бош убактысын туура пайдаланууга багытталган иш-чараларды өткөрүү керек.

"Биздин Кыргызстан" жыл сайын Бишкек жаштар бизнес-форумун өткөрүүнү сунуштайт. Бул жаштар арасында ишкердүүлүктү колдоого, стартап-долбоорлордун сынагын өткөрүүгө жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жардам берет.

"Биздин Кыргызстан" - бул жаш, кубаттуу, прогрессивдүү адамдардын, жаратмандардын командасы:

Жаратмандык жашоону өзгөртөт, дүйнөнү жакшы жакка бурат!

Катарыбызга кошулгула!

Биз менен бир жолду тандагыла,

"Биздин Кыргызстан" партиясына добуш бергиле!

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 30.06.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД