COVID-19. Вакцина алгандарга электрондук сертификат берилип баштады

COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө сертификат берген сервис ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Электрондук сертификатта адамдын вакцина алганы тууралуу маалымат жана анын аныктыгын ырастаган QR-код бар.

Сертификатты Электрондук кызматтар мамлекеттик порталынан алса болот. Анүчүн кол тамга (калкты тейлөө борборлору акысыз берет) жана 2017-жылкы үлгүдөгү eID-паспорт менен каттоодон өтүү керек.

Андан кийин порталдын "Саламаттыкты сактоо" бөлүмүнө кирип, "COVID-19га каршы эмделгени тууралуу сертификат алуу" кызматын тандап, "арыз жөнөтүү" баскычын басуу зарыл. Сертификат автоматтык түрдө даярдалат. Аны кагазга басып чыгарып алса да, pdf-документ катары сактап алса да болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД