Сотто үйүнөн ажыраган аял эс учун жоготуп жыгылды - видео

VB.KG'нин "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман кабарлагандай окуя кечээ, 30-июнда Жогорку Соттун имаратында болгон. Анда банкка үйүн алдырган аялдын иши каралып, сот банктын пайдасына чечим чыгарган.

Соттун өкүмү угузулгандан кийин, видеодогу аял эсин жоготуп жыгылган.

Бул окуя боюнча Жогорку соттун басма сөз кызматына байланышканыбызда "Сот залында коопсуздукту камсыздаган кызматкерлер эч качан жарандарга кол көтөрбөйт жана көтөрүшү мүмкүн эмес" - деп билдиришти.

Ошондой эле бул окуя боюнча кеңири маалымат берүүгө убада кылышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД