"Техно премьер" ЖЧКсы ӨКМны 45 атайын техника менен камсыздады

"Техно премьер" жоопкерчилиги чектелген коому Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 30 жылдыгына карата аларды, 45 оор инженердик техникалар менен камсыздады.

Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түптөлгөнүнө туура 30 жыл толду. Мына ушул күнгө карата "Техно премьер" жоопкерчилиги чектелген коому министрликке 45 атайын техникаларды жеткирип берген. Аталган техникалар Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган, аларды сатып алуу жана жеткирүү милдети "Техно премьер" ЖЧКсына жүктөлгөн.

"Техно премьер" жоопкерчилиги чектелген коому Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түптөлүшүнүн 30 жылдыгы менен министрликтин өздүк курамын куттуктайт. Сиздер тарабынан көргөзүлгөн ар бир жардамдын, ар бир сакталган өмүрдүн баасы кунсуз", - деп айтылат маалыматта.

Атайын техникалар министрдин жана өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда бүгүн,1-июлда Министрлер кабинетинин имаратынын алдында салтанаттуу тапшырылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД