Сот залында эсин жоготкон аял тууралуу Жогорку Соттун билдирүүсү

Буга чейин VB.KG'нин "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман "Сотто үйүнөн ажыраган аял эс учун жоготуп жыгылды" деп видео жөнөткөн.

Бул окуя боюнча Жогорку Соттун басма сөз кызматына байланышканыбызда төмөнкүдөй маалымат беришти:

Кечээ, 30-июнда Жогорку Сотто Жумадылова С.К. аттуу отурумдун катышуучусу сот чечими угузулгандан кийин сотту жана өзүн өлтүрөм деп кыйкырып, колунда өрттөнүп жаткан кандайдыр бир буюмду сотту көздөй ыргыткан. Мындан сырткары балдагы менен сот залындагы микрофонду сындырып, терезени да талкалоого аракет кылган. Бирок ал жердеги кызматкерлер аны токтотуп калышкан. Ошондой эле ал жерге "Тез жардам" кызматы чакырылып, жаңжал кылган аялга медициналык жардам көргөзүлгөн.

Аталган аял буга чейин соттун имаратынын жанына алардын пайдасына чечим чыгарууну талап кылып бир нече жолу митингге чыккан. Буга байланыштуу ал Жогорку Соттун коомдук кабылдамасына кабыл алынып, сот иштери жана мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Соттук иш тууралуу:

С.К. Жумадылова 2007-жылы коммерциялык банктардын бири менен келишим түзүп, ипотекага үй алган. Анда банк тарабынан 180 ай мөөнөтү менен 102 миң доллар насыя берилген. Ошондой эле Жумадылова жана банк күрөөнү алууну сотсуз эле ишке ашыруу тууралуу келишим кылышкан.

Кийин Жумадылова Свердлов райондук сотуна келишимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Бул иш каралып жатканда банк дагы сотко кайрылып, насыяны кечиктиргени үчүн күрөөнү өткөрүп алуу өтүнүчүн келтирген.

2017-жылы сот Жумадылованын өтүнүчүн четке кагып, банктын өтүнүчүн канаатандырган.

2018-жылы үй банкка өткөрүлүп берилип, банк Жумадылованы үй-бүлөсү менен аталган үйдөн чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Кийин Жумадылова ал үйдөн чыгып кетип, бирок ал жакта анын туугандары жашап жатканын айткан.

Буга байланыштуу банк дагы бир жолу сотко кайрылып, Жумадылованын туугандарын да чыгарып берүүнү өтүнгөн. 2020-жылы сот алардын өтүнүчүн канаатандырган.

Кечээ, 30-июнда Жогорку Сотто Жумадылованын туугандарын аталган үйдөн чыгаруу боюнча иш каралып, аягында банктын пайдасына чечим чыгарылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД