Азамат Дороев: "Биз Бишкекти кантип өнүктүрүүнү билебиз"

"Ишеним" саясий партиясынын төрагасы Азамат Дороев командасы менен биргеликте Бишкек шаарын кантип өнүктүрүүнү жана аны алдыңкы өнүккөн шаарлардын катарына кантип кошууну билет. Анын айтымында, ар кайсы тармактагы жана ар башка кесиптин өкүлдөрү бир командага чогулушкан. Аларды шаарга болгон сүйүү бириктирип турат жана Кыргызстандын борборун өнүктүрүү боюнча конкреттүү программалары бар.

"Бизде жаңы жана жаш команда түзүлдү, алардын көпчүлүгү так ушул шаарда иштешти. Арабызда шаардын көйгөйлөрүн жакшы билген жарандык активисттер, ишкерлер, ар кандай мамлекеттик мекемелердин мурдагы кызматкерлери бар. Эң негизгиси, шаарды өнүктүрүү үчүн партиянын так пландары бар. Биз соңку 30 жылда борбор кандай өнүктү жана азыр кандай абалда турганын билебиз. Ошондуктан биз шаар тургундарына эмнени сунуштоону жана аны кандайча ишке ашырууну билебиз. Биринчиден Бишкек шаарынын бюджетине тууралуу, бул багытта кандай иш алып барабыз? Бул шайлоо программабызда дагы даана чагылдырылган. Биринчи кезекте бюджеттик каражаттарды оптималдаштыруу жана кайра бөлүштүрүү зарыл. Билесизби, биздин шаар мамлекеттик бюджетке салыктын жана башка кирешелердин болжолдуу 68 пайызын чогултуп берет. Бирок бул суммадан Бишкекке болгону 7-8 пайызы гана тийет. Бул болжол менен 10 миллиард 200 миллион сом. Өсүп жаткан инфляцияны эске алганда, дагы азайышы мүмкүн. Демек, бул багытта реформалар керек. Ал эми бизде бул боюнча жана шаарыбызды өнүктүрүү боюнча жакынкы жана узак мөөнөттүү программаларыбыз бар.

Жөнөкөй мисал келтирейин. Шаарыбыз өнүкпөй жатат деп көп айтабыз. Бишкекте 49 калктуу конуш бар, анын ичинен 7 конуш тиешелүү статуска ээ эмес. Ушул жылы бул 49 конушту өнүктүрүүгө 50 миллион сом бөлүнгөн, анын 26 миллионго жакыны 2019 жана 2020-жылдардагы карыздар. 49 конушту өнүктүрүүгө 24 миллион сом өтө эле аз. Бул маселени экономисттер жана финансисттер менен талкуулап, калктуу конуштар үчүн 500 миллион сом, башкача айтканда, ар бир жаңы конуш үчүн 5 миллион сомдон бөлсөк болот деген тыянакка келдик. Ушундай жол менен жок дегенде, конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө болот, жол куруп, электр энергия, газ жана канализация киргизсе болот. Ошондой эле, айрым жаңы конуштарда жада калса мектеп жана бала бакчалар дагы жок. Мына ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн аталган каражатты жумшайбыз, буга кошумча инвестициялар да тартылат. Айрыкча инвесторлорду алып келүүгө озгөчо көңүл бурабыз, ал үчүн шаарды өнүктүрүү фондун түзүү планыбыз бар.

Мындан сырткары, муниципалдык мекемелерди оптимизациялоону пландап жатабыз. Мисалы, Бишкек шаарында 54 муниципалдык ишкана бар, алардын көпчүлүгү дотацияда турушат. Мисалы, ""Бишкексууканал", "Бишкек жашыл чарба", "Бишкек троллейбус башкармалыгы" негизинен өзүн-өзү акташы керек, бирок алар дотацияда турушат. "Бишкек токтомолору жана унаа туруктарына" айдоочулардан акы төлөнөт, бирок алардын шаарга 9 миллион сомго жакын карызы бар. Бул акылга сыйбас көрүнүш, бул кызматтарды оптимизациялоо керек. Мындан сырткары бизге 54 ишкананын эмне кереги бар. Анализ жүргүзүп көрүп, бул кызматтардын он экисинин такыр эле кереги жок деген жыйынтыкка келдик.

Бизде жалпы 4 багыт бар: экономика, инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык өнүгүү жана экология. Экология боюнча айтсам, шаардыктар бизди колдоп берсе, биз Бишкек шаарынын экологиялык кодексин кабыл алабыз. 2016-жылы шаардын экологиясын өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыккан, ага Эмил Шүкүров сындуу күчтүү экологдор катышкан. Кийин бул программа кагаз жүзүндө эле калып кеткен. Биз дал ушул программаны негиз катары алып, толуктоолорду киргиздик.

Бишкектиктер бизди колдошсо, биз шаар үчүн көп нерсени кыла алабыз! "Ишеним" партиясынан шаардык кеңешке талапкер болуп жаткан адамдар кесипкөй, жаш, иш билги жана негизиси шаарыбыздын көйгөйлөрүн эң жакшы билгендер. Кимдир бирөө биздин көйгөйлөрдү чечишин күтүп отурбастан келгиле өз маселебизди чечүүгө өзүбүз киришели!"- дейт "Ишеним "саясий партиясынын лидери Азамат Дороев.

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 01.07.2021


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД