"Ишеним" партиясынын талапкери Рысбай Аматовдун шайлоочуларга кайрылуусу

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышып жаткан "Ишеним" саясий партиясынын талапкерлери коомдук биринчи канал аркылуу шайлоочуларга кайрылып, партиянын программасы менен кенен тааныштырды.

Талапкер Рысбай Аматов өз сөзүндө буларга токтолду:

"Ишеним партиясынын өзөгүн жаш, чечкиндүү, тажырыйбалуу, кесипкөй адистерден куралды. Бул курам баш калаадагы көйгөйлөдү жөн гана сыртынан карап, курулай сынга албастан, ошол кемчиликтерди жоюп, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун тапкан адистерден турат. Бишкектин негизги көйгөйү - бул баш аламан курулуштар жана экология.

Ишеним партиясынын курамындагы ар бир инсан куру убада менен элди алдоодон алыс. Биздин милдет, моюнубузга алган жоопкерчиликти аткаруу. Биздин көпчүлүк мүчөлөрүбүз калың элдин катарынан чыккан карапайым адамдар. Биз ар бир шайлоочубузду сыйлайбыз. Шаарыбыздын жаркын келечеги, бакубат турмушубуз үчүн биздин партияга добуш берүүгө чакырып кетем".

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 01.07.2021


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД