Садыр Жапаров Канада күнү менен Ричард Вагнерди куттуктады

Президент Садыр Жапаров Канаданын Генерал-Губернатору Ричард Вагнерди Канада күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Канаданын Генерал-Губернатору Ричард Вагнерди жана Канада элин Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүнүн атынан Канада күнү менен куттуктады.

"Кыргыз Республикасы менен Канаданын ортосундагы достук мамилелер өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде мындан ары дагы бекемделет деп ишенем", - деп аййтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Ричард Вагнерге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Канада элине тынчтык, бакубат жашоо жана өнүгүүнү каалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД