"Ишеним" партиясынан талапкер Таалайбек Дайырбековдун кайрылуусу

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна катышып жаткан "Ишеним" саясий партиясынын талапкерлери коомдук биринчи канал аркылуу шайлоочуларга кайрылып, партиянын программасы менен кенен тааныштырды. Талапкерлердин бири Таалайбек Дайырбеков эфир учурунда шайлоочуларга төмөнкүдөй кайрылуу жасады:

"Менин атым Таалайбек Дайырбеков, мен Бишкек шаарында төрөлүп, өстүм. Менин балалык чагым Свердлов районунда өттү. Мен шаарыбыздын көйгөйлөрүн айттырбай билем, ошондуктан мен төмөнкү багыттарда иштеп келгем жана иштей берем:

• Жол транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү.

• Коомдук транспортту жакшыртуу.

• Турак жай-коммуналдык чарба тутумун модернизациялоо.

• Билим деңгээлин көтөрүү.

Бул кечиктирүүгө болбой турган орчундуу тапшырмалар. Ошондуктан, Бишкек шаардык Кеңешине көптөгөн жылдар бою топтолгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн барам!

Бул багыттар менин тандоом эмес. Ушул негизги пункттарды ишке ашыруу менен биз бара-бара жашоо ыңгайлуу жана жагымдуу шаарга айланабыз деп ишенем!"

"Ишеним" партиясы №8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 01.07.2021


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД