Өтүгүн төргө илгендер: Тротуарды унаа токтоочу жайга айланткан жол тандабас

Бишкекте айдоочулар эреже бузган учурлар убакыт өткөн сайын азайбай кайра көбөйүүдө. Буга байланыштуу айрым унаа ээлеринин чектен тыш аракеттерин жарыялап турууну өтүнүп окурмандар кайрылышууда.

Бул жолку "ардак тактабыздын" каармандары сүрөттөгү "сулуу унаалар".

Бул сүрөттөр Байтик баатыр көчөсүнүн Горький жана Карасаев көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүнөн тартылган.

Көрүнүп тургандай күрөң "Лексус" тротуарга чыгып, велосипедчендердин жолун тосуп калган. Ага атаандашкан экинчи унаа да аны менен катар токтогон.

Булардын өзүм биледигинен велосипедчендер айланып өтүүгө мажбур болуп, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп алуу коркунучу жаралган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД