Кыргызстан 20 өлкөнүн вакциналык сертификатын тааный турганын жарыялады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирүү таратып, чет элдик жарандардын өлкөгө кирүү эрежелерин дагы бир жолу тактады.

Мекеме коронавирус инфекциясын алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча аракеттердин алгоритимине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргызстандын аймагына кирүүдө анализ алынгандан баштап 72 сааттык ПЧР–тесттин жыйынтыгын же, алтернатива катары COVID-19га каршы вакцина алынгандыгы туралуу сертификаттарды көрсөтүү зарыл экенин белгилейт.

ТИМ Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги учурда дүйнөнүн 20 мамлекетинде вакцина алынгандыгы туралуу берилген сертификаттарды тааный турганын эскертет. Алар:

1. Америка Кошмо Штаттары

2. Бириккен Араб Эмираттары

3. Венгрия

4. Германия

5. Грузия

6. Европа Биримдиги (Бельгия, Брюссель шаарындагы Уюмдун медицина кызматы тарабынан берилген сертификат

7. Израиль

8. Казакстан

9. Катар

10. Түштүк Корея

11. Өзбекстан

12. Польша

13. Орусия Федерациясы

14. Румыния

15. Сан–Марино Республикасы

16. Сауд Аравия Королдугу

17. Түркия

18. Улуу Британия

19. Франция

20. Швейцария

Министрлик башка чет өлкөлөрдүн сертификаттарын таанылганга жараша жогорудагы тизменин өзгөрүү мүмкүнчүлүгүн белгилейт.

2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында катталган коронавирус оорусу жалпы дүйнөнү каптап, 4 миллионго чукул адамдын өмүрүн алды. Жалпы дүйнө жүзүндө ооруга 182 млн. 979 миң 349 адам чалдыкты. 3 млн. 962 миң 864 адам илдеттен көз жумду. 167 млн. 565 миң 591 адам вирустан айыкты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД