Чүйдө окко учкан аял. Өлүмүнө күйөөсү күнөөлөнүүдө

Чүйдө жарандык аялынын өлүмүнө шектүү катары 40 жаштагы киши камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-июнда милицияга Чүй районундагы жайлоолордун биринде 45 жаштагы аял өзүн-өзү атып көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөөдө аялдын денесинен жракаттар аныкталып, киши колдуу болгон деген тыянак чыгарылган.

Буга байланыштуу "адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, аялдын жарандык никедеги күйөөсү камакка алынган.

Тергөөнүн алдын ала маалыматтарына караганда мал багуу менен алектенген жубайлардын ортосунда мас абалында чыр чыгып. кылмышка себеп болгон.

Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД