Ала-Арчада Эл артисти Балбай Алагушевди акыры сапарга узатуу зыйнаты өттү

Ала-Арчада Эл артисти Балбай Алагушевди акыры сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу төкмө акын Азамат Болгонбаев "Фейсбук" баракчасына жазды.

Эл артистин жерге берүү зыйнатына маркумдун замандаштары, жердештери маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ильязбек Балташев катышкан.

"Бүгүн Кыргыз элинин залкар инсаны, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Балбай Алагушевди акыры сапарга узатуу зыйнаты өтүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди. Зыйнатта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Балташев Ильязбек жана залкар инсандын замандаштары, жердештери эскерүү сөзүн сүйлөдү.

Балбай абанын жаткан жери жайлуу болсун", - деп жазган Болгонбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД