ИИМ: Чүй облусунун жашоочусунан ок атуучу курал, ок-даарылар табылды

ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери шаарда жашап жүргөн жаранды кармашып, андан ок атуучу курал, ок-даарылар жана жардыруучу түзүлүштөр табылды.

Атайын операциянын жүрүшүндө Чүй облусунун жашоочусу 1980-жылы туулган Е.А.га таандык номурлары өчүрүлгөн "Winchester" ок атуучу куралы, Макаров тапанчасынын 30 огу, Калашников автоматы, андан сырткары РПГ гранатомету, РГД-5 кол гранатасы табылды.

Ыкчам-тергөө иш-чарасы куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан укукка каршы аракеттер жөнүндө ыкчам мүнөздөгү маалымат келип түшкөндөн кийин жүргүзүлө баштаган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармоо иш-чарасы көчөдө жүргүзүлүп, шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда спорттук сумкасынан кесилген курал табылган.

Мындан аркы жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун айылдарына жакын жерден шектүүгө таандык жашыруун жайдан ок атуучу курал, ок-даарылар жана жардыруучу түзүлүштөр табылды.

Табылып алынган куралдарга жана ок-даарыларга тиешелүү комплекстүү экспертизалар дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралдарды жана ок-даарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча сотко чейинки өндүрүштү Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД