"Техно Премьер": ӨКМга заманбап техникалар берилди

Кечээ, 1-июль күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөнүнө туура 30 жыл болду. Бул күндүн урматына салтанатуу иш-чаралар өтүп, бул тармакта иштегендерге, министрликтин дарегине куттуктоолор жамгырдай жаады.

Бирок куттуктоолордон сырткары дагы таттыктуу белектер да болду. Алардын эң өзгөчөсүнө токтоло турган болсок, министрликтин 30-жылдыгынын урматына берилген атайын техникалар. Ал Азия өнүктүрүү банкынын "Суу ресурстарын жаратылыштын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу" долбоорунун алкагында берилди.

Министрлик 30 жылдык тарыхында алгачкы жолу мындай ири сандагы оор инженердик техникалар менен камсыздылды.

Тактап айтканда министрликке 28 эксковатор, 8 жүктөгүч, 7 бульдозер, 2 автогрейдер, 8 кран манипулятор, 4 автокран, 10 самосвал, 2 көчмө авто оңдоочу жай, 4 күйүүчү май ташуучу унаа, 40 тонна жүк көтөрүмдүүлүккө жарамдуу 8 жүк ташуучу трал менен трактор, 2 жүргүнчү ташуучу кичи автобус жана 2 жүргүнчү ташуучу жеңил унаа берилди.

Техникалар өкмөт үйүнүн алдындагы аянтта салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө тапшырылды.

Анда министр Бообек Ажикеев бул техникалар ӨКМнын материалдык-техникалык базасын жаңы тепкичке көтөрүп, министрликтин ишинин эффектүүлүгүн жогорулатарын белгиледи.

"Бул техникалар министрликтин потенциалын кыйла көтөрүп, өзгөчө кырдаал жаралган учурда турак жайларды, айыл чарба жерлерин сактап калууга көмөк көрсөтөт. ӨКМнын техникалык потенциалын жогорулатуу боюнча биздин демилгени колдоого алганы үчүн Азия Өнүктүрүү Банкына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем" – дейт министр.

Аталган техникалардын кырк бешин "Техно Премьер" жоопкерчилиги чектелген коомунун жардамы менен LiuGong компаниясы

жеткирип берген. Салтанатка LiuGong компаниясынын жана "Техно Премьер" ЖЧКсынын өкүлдөрү да катышты.

Алар аталган техникалар жаңы чыккан, заманбап унаалар экенин, министрликке жарандардын коопсуздугун сактоодо чоң көмөкчү болорун белгилешти. Ошондой эле министрликти 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, иштерине ийгилик каалашты.

"Техно Премьер" жоопкерчилиги чектелген коому Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түптөлүшүнүн 30 жылдыгы менен министрликтин өздүк курамын куттуктайт. Сиздер тарабынан көргөзүлгөн ар бир жардамдын, ар бир сакталган өмүрдүн баасы кунсуз. Бул техникалар коомубуздун коопсуздугун дагы да камсыздай берүүңүздөргө салым кошот деп ишенебиз", - деди "Техно Премьер" ЖЧКсынын өкүлдөрү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД