"Биздин Кыргызстан": Бишкектиктердин укугун, кызыкчылыгын коргойбуз!

"Биздин Кыргызстан" партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Санабар Айдарова:

1990-жылдары Украинанын Херсон шаарынан жеңил өнөр жайынын текстиль тармагы боюнча жогорку окуу жайын аяктап, 15 жылдай жетекчи орундарында да, карапайым эл менен да, 3 сменде күнү-түнү иштегем. Азыр да "Текстильщики" деген группабыз менен бири-бирибизге жылуу сөз, кеп-кеңештерибиз менен алмашып турабыз, себеби биздин жаштыгыбыз ошол мезгил эле.

Андан кийинки жылдары мамлекетибизде айлык акы туруктуу берилбей, өнөр жай объектилери приватизация болуп кеткенде, жумушчу орундар кыскартылып, ал тургай жоюлуп, канчалаган жарандар орто жолдо калды.

Ошондо экинчи кесипти өздөштүрүш керек болду. 2005-жылдан баштап, бүгүнкү күнгө чейин экинчи жогорку билимим менен жарандарга укуктук-юридикалык жактан көмөк көрсөтүп, алардын көйгөйлөрүн чечип келем.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борборундагы консультациялык укуктук жана квалификациялык юридикалык жардам башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген учурда Кыргызстандын жарандарынын укуктук жактан чечилбеген проблемаларынын өтө көп экендигине күбө болдум.

Мен шаардын көйгөйлөрүн жакшы билем.

Мен жардамга муктаж болгон пенсионерлер, майыптыгы бар адамдардын жана турмуштун кыйынчылыгына туш болгондор тууралуу кабарым бар.

Мен ар дайым адамдар менен пикир алышып, алардын маселелерин чечип турам.

Эми мен, маселелерди башка деңгээлде чечким келет.

Мен шаардык кеңешке "Биздин Кыргызстан" партиясы менен аттандым.

Булар жаңы адамдар!

Бул жаш, күч-кубаттуу, прогрессивдүү адамдардын партиясы. Биз Бишкек шаардык кеңешке шаардыктардын кызыкчылыгын коргоо үчүн аттандык.

Эң негизгиси абийирдүүлүк жана жаратмандык!

"Биздин Кыргызстан" партиясы үчүн добуш бериңиздер!

Буйрутмачы: "Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова (№37 күбөлүк, 11.06.2021).

"Биздин Кыргызстан" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 03.07.2021.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД