"Ишеним" партиясы Бишкек шаарынын тургундарын чылым чекпөөгө чакырат

"Ишеним" партиясы дени сак жашоого үндөө жана саламаттыкты сактоо максатында Бишкек шаарынын тургундарын чылым чекпөөгө чакырды. Никотин тиш, өпкө ооруларын козгоп, адамдын иммунитетин алсыздандырары маалым. Андан сырткары чылым чеккен адам бир гана өзүнүн ден соолугуна зыян келтирбестен анын жанынан өткөн адамдарга да зыян. Ал эми каржылык жактан алып караганда бир куту чылым орто эсеп менен 90-100 сом турат. Эгер күнүнө адам 1 куту чылым чексе, айына ден соолукка пайдалуу азык-түлүк алгандын ордуна 3000 сомго чукул каражат тамекиге эле коройт.

"Ишеним" партиясы шаар тургундарынын саламаттыгын коргойт. "Ишеним партиясы №8. Ишенимдүү кадамдар! Өнүккөн шаар!

Буйрутмачы: "Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Арзымбаева Чынара Кыясовна (Күб. №36, 10.06.2021).

"Ишеним" саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.

Жарыяланган күнү: 03.07.2021


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД