Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп Айбек Стамов шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын отуруму болуп, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Айбек Стамов төрага болушп шайланган. Ошол эле отурумда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы болуп Бахадыр Конуров шайланган.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясын Кайрат Маматов жетектеп келген.