БШК: Талапкердин көп аял алууну мыйзамдаштыруу убадасы мыйзам бузбайт

"Келечек-Будущее" партиясынын талапкеринин көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча кайрылуусу шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин бузбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, БШКнын отурумунда аталган маселе каралып, анын жыйынтыгы менен аталган кайрылуу мыйзамга каршы келбейт деп жыйынтык чыгарылган.

Белгилей кетсек, "Келечек-Будущее" партиясынын талапкери көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча шайлоочуларга кайрылуу жасаган. Буга байланыштуу "Реформа" саясий партиясы ал билдирүү шайлоо мыйзамдарын бузууда деп БШКга кайрылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД