Өзбекстанда TikTok го чектөө кирди

Өзбекстанда TikTok баштаган бир катар социалдык тармактар иштебей калды. Буга жеке маалыматтар тууралуу мыйзам бузуу себеп экенин Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Ага ылайык, маалымат жана телекоммуникация жаатында көзөмөл жүргүзгөн мамлекеттик инспекция Twitter, TikTok жана "ВКонтакте" жеке маалыматтарды бузган тармактардын реестрине киргизилгенин билдирди.

"Өзбекстандын аймагында бул ресурстарды колдонууга кемчиликтер аныкталып бүтмөйүн чектөө киргизилет", - деп билдирген мекеме.

Бир нече күн мурун өлкө президенти Шавкат Мирзиёев TikTok тармагындагы блогерлердин Амир Темир менен Алишер Навоини эстеликтерине шек келтирген видеолорун сынга алганы айтылат.

Коңшу өлкөдө 2019-жылдын октябрында "Жеке маалыматтар жөнүндө" мыйзамы күчүнө кирген. Анда жарандар тууралуу жеке маалыматтарды өздөрүнүн уруксаты менен гана чогултууга болору жазылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД