Оң рулдуу унаалардын кузовдорун алмаштырууга тыюу салуу сунушталууда

Санарптештирүү министрлиги "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Токтом долбоорунда оң рулдуу унаалардын кузовдорун алмаштырууга (орнотууга) жана мындан мурда жарактан чыгарылган оң рулдуу унааларды каттоого тыюу салуу сунушталууда.

Министрлик белгилегендей, 2015-жылы оң рулдуу унааларды ташып келүүгө тыюу салынганы менен алардын номердик түйүндөрүн жана агрегаттарын (кыймылдаткычтын түрү, кузовдун түсү, чыккан күнү ж.б. маалыматтар жазылган унаанын бөлүктөрү) ташып келүүгө тыюу салынган эмес. Ага байланыштуу оң рулдуу унаалар сырттан кошумча тетик катары киргизилүүдө. Оң рулдуу унаалардын ээлери мыйзамдагы мүчүлүштүктү пайдаланып, унаасын жаңылап алуу үчүн кузовун алмаштырып, аны каттоодо мурунку документине жаңы унаанын маалыматтарын жазып, автомашинасын пайдаланууну улантууда.

Тыюу салуу коммуналдык, айыл чарба, жол курулушундагы жана өкмөт тарабынан белгиленген унааларга тиешелүү эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД